Ийне даярдап жаткан дарыгер. Архив

Бишкекте 16 жаштагы кыз ийне сайдыргандан кийин каза болуп калды

1324
(жаңыланган 14:20 06.10.2018)
Окуучу кыз дарыланып жаткан, үчүнчү күнү ийне сайгандан кийин 20 мүнөттөн соң каза болуп калган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкектеги №8 бейтапканадан ийне сайдырган 16 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

"Каргаша 1-сентябрда болгон. Окуучу кыз дарыланып жаткан, үчүнчү күнү ийне сайгандан кийин 20 мүнөттөн соң каза болуп калган", — дешти милициядан.

Бул окуя Свердлов РИИБинде каттоого алынып, бардык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки иштер аткарылууда. Толук маалыматты ШИИБ кийин бере туранын айтты.

1324
Белгилер:
медицина, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Баласын тирүү алып калганым үчүн жек көрүшөт. Бишкектик педиатрдын маеги
Бишкекте кийими өрттөнүп кеткен курулушчунун абалы оор