Жалал-Абадда салыкчы ишкерден 80 миң сом пара алып жатып кармалды

Жазылуу
Салык кызматкери "калкалап турам" деп 200 миң сом талап кылганы айтылды.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жалал-Абадда Мамлекеттик салык кызматынын облустук башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматынан кабардашты.

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайназаров: депутаттарды жетекчилик кызматка койгула, алар пара алганды билбейт
Билдирмеге караганда, коррупцияга каршы иштеген органдарга Ж.С. аттуу ишкер кайрылып, салыкчы андан айып санкциясын салам деп коркутуу менен 200 миң сом талап кылган. Эгер ишкер бул сумманы төлөсө, маселе оң жагына чечилип, андан ары салыкчы ишкерди калкалап турмак.

Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголгон. 3-октябрь күнү кызматкер Жалал-Абадда сумманын биринчи бөлүгү катары 80 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда ал Бишкек шаарындагы №1 СИЗОдо кармалып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0