Сирена менен бараткан унаа автоинспекторду коюп кете жаздаган, айдоочу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул кызматынын автоунаасы. Архив
Кайгуул кызматынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 3-октябрь күнү Бишкек — "Манас" аэропорту трассасында болгон. Айдоочу кийинки күнү колго түшкөн.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Чүй ОИИБ ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек — "Манас" аэропорту трассасында автоинспекторду коюп кете жаздаган BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун кармады. Бул тууралуу ИИМ ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, окуя 3-октябрь күнү саат 16.30дар чамасында болгон.

"BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сиренасын жандырып алып түндүк тарапты көздөй катуу бараткан. Автоинспектордун буйругуна баш ийбестен аны коюп кете жаздаган. Анын артынан дагы эки жолтандабас катуу ылдамдыкта кеткен. Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери кийинки күнү үч унаанын тең айдоочуларын колго түшүрдү", — деп айтылат маалыматта.

BMW унаасынын 26 жаштагы С.Г. аттуу айдоочусу инспекторго баш ийбегендиги жана сирена орнотуп алганы үчүн айыпка жыгылды. Ошондой эле казак номери тагылган Land Cruiser жана Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаалардын 25 жаштагы айдоочулары кармалды.

Топтолгон материалдардын бардыгы сотко өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0