Көл: 78 жаштагы кемпирди зордуктайм деген киши анын уулунан таяк жеп каза болду

Жазылуу
30 жаштагы киши мас болуп таанышынын үйүнө кирип, анын апасын зордуктоого аракет кылган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Түп районунун 30 жаштагы тургуну мас болуп келип 78 жаштагы апасын зордуктоого аракыт кылган таанышын катуу сабап, натыйжада ал ооруканада көз жумган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, окуя 8-октябрда кечки саат 19:00дөр чамасында болгон.

"Мас адам таанышынын үйүнө кирип келип, анын 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет кылган. Жүрөгү түшкөн кемпир кыйкырып, 30 жаштагы уулун жардамга чакырган. Ал таанышын короого алып чыгып сабаган. Кошуналар аймактык милицияны чакырышкан", — деди Усубакунов.

Насилие над детьми в КР - Sputnik Кыргызстан
Атасы кызын өзү менен ала кетип, зордуктап жүргөн. Балдар үйүнүн башчысы менен маек
Окуя болгон жерге келген аймактык милиция жабырлануучунун коңшулары менен чогуу мушташып жаткан кишилерди ажыратып, райондук милиция менен дарыгерлерге кабар берген. Жаңжал чыгарган мас киши ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон.

Өз кезегинде кемпирдин 30 жаштагы баласы жасаганын моюндаган. Зордуктоого болгон аракет Түп райондук милициясына каттоого алынган. Ал эми сабоо боюнча Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0