Төө-Ашуудагы тоннелден эмнеге түтүн чыгып жаткан. Министрликтин жообу

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЗадымление в тоннеле имени К. Кольбаева на перевале Тоо-Ашуу
Задымление в тоннеле имени К. Кольбаева на перевале Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак күбө бүгүн саат 18.20 чамасында тоннелден түтүн чыгып жатканын кабарлаган.

БИШКЕК, 9-окт — Sputnik. Төө-Ашуудагы Хусейин Көлбаев атындагы тоннелде унаа тыгыны жаралганына күйүүчү май ташып бара жаткан унаанын бузулганы себеп болгон. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек — Ош автожол дирекциясынын башчысы Тыныбек Кадырбаев билдирди. 

© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуВ тоннеле на Тоо-Ашуу задымление, образовалась большая пробка — видео очевидца
В тоннеле на Тоо-Ашуу задымление, образовалась большая пробка — видео очевидца - Sputnik Кыргызстан
В тоннеле на Тоо-Ашуу задымление, образовалась большая пробка — видео очевидца

Мурдараак күбө бүгүн саат 18.20 чамасында тоннелден түтүн чыгып жатканын кабарлаган. Ичинде бензовоз күйүп кетиптир деген божомолдор айтылган болчу. 

"Эч нерсе күйгөн жок. Болгону бензовоздун кыймылдаткычы түтөп кетиптир. Унааны сыртка тартып чыгышты", — деди Кадырбаев. 

Учурда каттам жанданып кадимки режимде иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0