Ноокат районунун Шарон айылында Eskalade ESV менен күйүүчү май ташыган унаасы кагышып, кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы жүргүнчү каза болду

Ноокатта жол тандабас май ташуучу унаа менен кагышып 25 жаштагы жигит көз жумду

1545
(жаңыланган 21:03 10.10.2018)
4 жүргүнчү менен 2 айдоочу ооруканага жеткирилген

ОШ, 10-окт. – Sputnik. Ноокат районунун Шарон айылында Escalade ESV менен күйүүчү май ташыган унаасы кагышып, кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

  • Ноокат районунун Шарон айылында Escalade ESV менен күйүүчү май ташыган унаасы кагышып, кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы жүргүнчү каза болду
    Ноокат районунун Шарон айылында Escalade ESV менен күйүүчү май ташыган унаасы кагышып, кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы жүргүнчү каза болду
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Окуя 9-октябрда саат 13:30дар чамасында Ош — Исфана жолунун 64-чакырымында катталган
    Окуя 9-октябрда саат 13:30дар чамасында Ош — Исфана жолунун 64-чакырымында катталган
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Кырсыктын кесепетинен жол тандабаста бара жаткан 25 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон.
    Кырсыктын кесепетинен жол тандабаста бара жаткан 25 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ноокат районунун Шарон айылында Escalade ESV менен күйүүчү май ташыган унаасы кагышып, кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы жүргүнчү каза болду

Анын айтымында, окуя 9-октябрда саат 13:30дар чамасында Ош — Исфана жолунун 64-чакырымында катталган.

"Биринчи унааны Ош шаарынын 27 жаштагы Э.М. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарын көздөй башкарып бара жаткан. Ал каршы тилкеге чыкканда күйүүчү май ташыган унаа менен сүзүшкөн. Катуу соккудан улам унаа оодарылып кеткен. Ал эми экинчи унааны Ош шаарынын 27 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну башкарып бара жаткан", — деди Теңизбаев.

Кырсыктын кесепетинен жол тандабаста бара жаткан 25 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон. Эки машинадагы төрт жүргүнчү менен эки айдоочу аймактык ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча Ноокат РИИБдин кызматкерлери тиешелүү экспертизаларды дайындап, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

1545
Белгилер:
жол тандабас, жол кырсык, оорукана, Ноокат
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (359)
Тема боюнча
Сирена менен бараткан унаа автоинспекторду коюп кете жаздаган, айдоочу кармалды
Каракол шаарында айдоочу рулду башкара албай дубалды сүзүп, каза болду
Пикирлер