Жалал-Абад: айылдашын автобекетте бычактаган киши 20 жылга кесилди

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүСоттоду айыптолуучу. Архивдик сүрөт
Соттоду айыптолуучу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттолуучу күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөйт.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Базар-Коргон районунун автобекетинен 19 жаштагы баланы бычактап салган жаран 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Базар-Коргондо 19 жаштагы жигитти бычактап жаткан учур видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Базар-Коргондо 19 жаштагы жигитти бычактап жаткан учур видеого түшүп калган
Базар-Коргон райондук соту 24 жаштагы кыргызстандыкты КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп тапты. Эми ал күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөп, мүлкү конфискацияланат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айында аталган райондогу автобекетте 24 жаштагы жаран 19 жаштагы айылдашын бычактап өлтүргөн. Ошол эле күндөгү интернетке жаш жигитке таанышы кол салып жаткан ирмемдер тарап кеткен.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бычакталган бала аялдамадагы орунтук үчүн өлтүрүлгөнүн айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0