Бишкектеги кафенин кызматкерлерин катуу сабаган үч кишинин бирөө кармалды

Жазылуу
Аталган факты боюнча бейбашчылык беренеси менен кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкектеги кафелердин бирине белгисиз үч киши терезени сындырып кирип, официант менен күзөтчүнү катуу сабап кетишкенин ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 6-октбярда саат 7:00дөр чамасында болгон.

"Үч киши кафенин кызматкерлерин сабагандан кийин качып кетишкен. Аталган факты Биринчи Май райондук милициясында каттоого алынып, Кылмыш жаза кодексинин "бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп, Биринчи Май райондук милициясынын Криминалдык кызматынын өкүлдөрү шектүү катары Чүй облусунун 51 жаштагы тургунун кармады. Ал буга чейин эки жолу соттолгон.

Учурда укук коргоо органдары калган шектүүлөрдү кармоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0