Бишкектин түштүк магистраль менен Нуркамал Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган маршрутка менен жеңил унаа кагышты

Бишкекте жеңил унаа сүзгөн маршрутка оодарылып кетти. Сүрөт

536
(жаңыланган 11:01 13.10.2018)
Окуя бүгүн, 12-октябрда эртең мененки саат 6.30да болгон.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкектин түштүк магистраль менен Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган маршрутка менен жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу билдирди.

  • Бишкектин түштүк магистраль менен Нуркамал Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган маршрутка менен жеңил унаа кагышты
    Бишкектин түштүк магистраль менен Нуркамал Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган маршрутка менен жеңил унаа кагышты
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Маршрутка катуу соккудан улам оодарылып кеткен.
    Маршрутка катуу соккудан улам оодарылып кеткен.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
1 / 2
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Бишкектин түштүк магистраль менен Нуркамал Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган маршрутка менен жеңил унаа кагышты

Анын айтымында, маршрутка катуу соккудан улам оодарылып кеткен.

Бишкек ШИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктады.

"Окуя бүгүн, 12-октябрда, эртең мененки саат 6.30да болду. Toyota Wish үлгүсүндөгү унаа сүзгөн маршрутка капталына оодарылып калды. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу менен эки жүргүнчү жаракат алды", — дешти милициядан.

Чогулган бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. ЖКККБнын билдиришинче, маршрутканын айдоочусу медициналык кароодон өткөндөн кийин жумушка чыкты.

536
Белгилер:
маршрутка, жол кырсыгы, милиция, Бишкек
Тема:
Москвада кырсыктаган кыргызстандык таксист (21)
Тема боюнча
Чүчкүрөм деп кызды сүзүп алган келин. Кара-Балтадагы жол кырсыгынын чоо-жайы
Ноокатта жол тандабас май ташуучу унаа менен кагышып 25 жаштагы жигит көз жумду
Пикирлер