Бишкекте милиционер аймактык тескөөчүнү сабадыбы? ИИМдин жообу

Жазылуу
Буга чейин аймактык тескөөчү документи жок унаа айдап баратканда кармалган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкекте ИИМдин ички иликтөө кызматынын өкүлү милициянын №2 шаардык бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсүн сабап салганын бир катар жергиликтүү ЖМКлар жазып чыккан.

Анткен менен ИИМдин ички иликтөө кызматынын начальниги Талантбек Акматов жабыр тарткан тескөөчү эреже бузуп, эми жоопкерчиликтен качуу үчүн башканы айыптап жатканын билдирди.

"Сабалды делген жабырлануучу бир суткадан кийин гана ооруканага барган. Ал омурткалары сынып кеткенин айтууда, бирок медициналык документинде андай жаракаты тууралуу маалымат жок болуп жатат. Менимче тескөөчү жоопкерчиликтен качыш үчүн ушундай кадамга барган", — деди Акматов.

Милиция кызматкерлери. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кесиптешинин кылыгын жашырган 10 милиционерге чара көрүлдү
Буга чейин Ички иликтөө кызматына У.А. аттуу милиционер өлкөгө мыйзамсыз негизде киргизилген унаада кетип бараткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам Ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү менен автоинспекторлор У.А. аттуу милицянын лейтенантын кармашкан. Ал унааны документи жок айдап жүргөнү белгилүү болгон.

Акматовдун айтымында, протокол түзүү жана унааны айып короого токтотуу учурунда укук коргоочу каршылык көрсөткөн. Мындан тышкары, тергөө учурунда ИИМдин имаратынын ичинде Ички иликтөө кызматынын өкүлү менен мушташа кетип, кийин кетип калган.

Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Эгер анын жыйынтыктары Ички иликтөө кызматынын өкүлүнүн күнөөсүн далилдесе анда ал мыйзамдын негизинде жазасын тартаары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0