Жолбун ит. Архивдик сүрөт

Баткенде жолбун ит талаган 8 жашар бала реанимацияга түштү

248
(жаңыланган 18:19 13.10.2018)
Баланын башы, моюну, бети жабыркап, мээси чайкалган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Баткенде сегиз жашар баланы жолбун ит талаганын өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Окуя бүгүн, 12-октябрда болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жеткинчек саат 15.00дө реанимацияга жаткырылган. Дарыгерлер баланын башы, моюну, бети жабыркап, мээси чайкалганын, ошондой эле катуу шок алганын билдиришти.

Жеткинчектин абалы оор деп бааланууда, ага учурда медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

248
Белгилер:
КР Саламаттык сактоо министрлиги, Баткен
Тема боюнча
Ошто ит тиштеген 19 жаштагы жигит кутурмадан каза болду. Чоо-жайы
Пикирлер