Милиция кызматкерлери. Архив

Бишкек милициясы мушташууга камынган балдарды тобу менен кармады

437
(жаңыланган 11:54 14.10.2018)
Кармалган 22 баланын 16сы өспүрүмдөр.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ишембиге караган түнү милиция кызматкерлери борбор калаанын Көк-Жар конушунда мушташууга камынып топтошкон 22 баланы кармады. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 12-октябрда түнкү саат 23.00дө Көк-Жар конушунда бир нече эркек балдар чогулуп турганы боюнча чакыруу түшкөн.

"Кызматкерлер тез арада жерине барып 22 баланы кармады. Алардын 16сы жашы жете электер болгон. №82 мектептин бир, №53 мектептин эки, №95 мектептин бир окуучусу, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин аскер лецейинин беш курсанты, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин бир студенти, №65 лицейдин бир окуучусу жана эч жерде окубаган беш бала колго түшүрүлдү. Андан соң ата-энелери, туугандары жана аскер лицейинин жетекчилиги чакырылып маектешүү жүргүзүлдү", — деп айтылат мааылматта.

Аталган факты боюнча балдардан түшүнүк кат алынган. Эки өспүрүмгө эч ким келбегенине байланыштуу ИИМдин өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алуу борборуна жеткирилген. Бул боюнча териштирүү жүргүзүлүп балдардын чогулганынын себеби такталууда.

Ошондой эле топтолгон материалдар Октябрь райондук балдар иши боюнча комиссиясына жөнөтүлдү.

437
Белгилер:
милиция, балдар, Жаңжал, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте милиционер аймактык тескөөчүнү сабадыбы? ИИМдин жообу
Пикирлер