Суракматов сөзүнө турду! Сабалган окуучу боюнча чоңдор жазаланды

Жазылуу
Окуяга байланыштуу инспектор иштен алынып, бир катар чиновниктер кошо жазаланды.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. 8-класстын окуучусу сабалган №47 мектептин директору иштен алынды. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Анын айтымында, бир катар кызматкерлер катуу жаза алышты.

"Мектеп директору Салтанат Курманалиева менен өспүрүмдөр менен иш алып барган инспектор иштен алынды. Ал эми вице-мэр Асел Куламбаева менен билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрмановага катуу сөгүш жарыяланды", — деди Алмамбетова.

Случаи драки людей - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте катуу сабалган окуучунун атасы милиция кызматкери. Окуянын чоо-жайы
Белгилей кетсек, 8-класстын окуучусунун апасы Асел Мырзабекова анын баласын 9-класстын эки окуучусу 12-октябрда сабаганын билдирген. Анын айтымында, жогорку класстын балдары андан акча талап кылып, өспүрүмдү мээси чайкалып, тиштери сынып, оозу жырылып кеткенче сабашкан. Кийин жабырлануучунун атасы милицияга арыз жазып, тогузунчу класстын эки окуучусуна Кылмыш жаза кодексинин 170 (опузалап акча талап кылуу) жана 234-беренелери (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон

Мэр Азиз Суракматов да бейтапканага барып окуучудан кабар алган. Ал инспекторго кайрылып, бул окуяга жооп берерин айткан

Жаңылыктар түрмөгү
0