ШИИБ: Бишкекте кафеден чуу салган Кытайдын жараны 5 суткага камалды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКамакка алынган киши. Архивдик сүрөт
Камакка алынган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайлык жаран кафенин башка конокторуна ороңдоп, кайсы бир депутатка чалам деп коркуткан.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкектеги кафелердин биринде чуу салган кытайлык жаран беш суткага камалды. Бул тууралуу ШИИБден маалымдашты.

"15-октябрь күнү Facebook социалдык тармагына видео жарыяланган. Тасмадан кытайлык жаран кафенин башка конокторуна ороңдогонун көрүүгө болот. Ал ошондой эле кайсы бир депутатка телефон чалам деп коркуткан", — деп ведомстводон эскертишти.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте окуучунун сабалышынан кийин милиционерлер жазаланды
Маалыматка караганда, 13-октябрь күнү саат 16.00дөр чамасында кафеге кардарлар келген. Алардын арасында столду алдын ала брондоп койгон кытайлыктар болгон. Болжол менен төрт саат өткөндөн кийин мас абалындагы чет элдик жарандар менен алардын катуу ырдаганын жактырбаган аялдардын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Кытайлык киши кайсы бир депутатка телефон чалып көйгөйдү чечерин айткан. Чырды токтотуу үчүн кафенин администрациясы кардарларды башка столго отургузган.

Ыкчам издөө иш аракеттеринин алкагында милиция кызматкерлери Бишкекте жашаган Кытайдын 1971-жылкы жаранын кармады. Ал кафеде кайнатасынын туулган күнүн үй-бүлөсү жана туугандары менен тосконун айтып, анын катуу ырдаганына жакын отурган аялдар нааразы болгонун билдирген. Ал эми "депутатка телефон чалам" дегени үчүн аялдардан тууганы кечирим сураганын белгилеген.

Бул окуя боюнча Кытай жараны Административдик жоопкерчилик боюнча кодекстин 364-беренеси (майда бейбаштык) боюнча жоопко тартылып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен дагы бир мекендеши менен беш суткага камалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0