Баткендеги жол кырсыктан 22 киши жаракат алып, бир адам каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда милиция кырсыктын чоо-жайын тактап жатат.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Баткен облусунда Ош — Баткен — Исфана жолунда 17-октябрда саат 15:00дөр чамасында жүргүнчү ташыган спринтер унаасы менен жүк ташыган спринтер автоунаасы кагышып, 22 киши түрдүү жаракат менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы тастыктады.

Ага ылайык, жол кырсыгы Баткен облусунун Ат-Татыр аймагында катталган.

Ооруканага алып келинген жүргүнчүлөрдөн өкмөттүн өкүлү Абиш Халмурзаев барып кабар алган. 

"Жол кырсыктан 22 киши түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилген. Андан сырткары бир киши каза болду. Анын ким экени такталып жатат", — деди маалымат кызматынан.

Облустук милицияга жол кырсыгын тыкыр иликтеп, жол кырсыктардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0