Жумгал: таңга маал жеңил автоунаа сууга кулап, 24 жаштагы жигит көз жумду

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүАрыкка түшүп кеткен унаа. Архив
Арыкка түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жумгал районунун Кой-Ой айылында Mercedes-Benz унаасы көпүрөдөн сууга түшүп кетип, бир адам көз жумду. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 20-октябрь күнү таңкы саат алтылар чамасында болгон. 24 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, көпүрөдөн чыгып кеткен.

Нарын облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, материалдар чогултуруп, тиешелүү экспертизалар жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0