БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. ЖКнын депутаты Нодирбек Каримов Бишкек-Ош жолунда автокырсыкка кабылып, автоунаада уулу менен кошо кетип бара жаткан энеси каза тапты. Бул туурасында тартип коргоо органдарындагы булактар билдиришти.
Кырсыктан дагы бир нече киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Депутаттын жардамчысы Sputnik Кыргызстандын кабарчысына депутат энесинин сөөгүн кичи мекени Өзгөнгө алып кетип бара жатканын айтты.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 380 кишиден коронавирус табылып, 164 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 93 006га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 554 болду.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус Бишкектен төрт, Чүй облусунан бир кишинин өмүрүн алды. Көз жумгандардын жалпы саны 1 566га жетти.
ОШ, 21-апр. — Sputnik. Ош шаарында "Жасмин" балдар бакчасында беш жаштагы кыздын сабалышы боюнча териштирүү иштери башталды. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктады.
Ушул жылдын 6-апрель күнү Ош шаарынын 34 жаштагы тургуну шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
Жабыркаган кыздын энеси Instagram баракчасына бир нече сүрөттөрдү жарыялаган.
Ал беш жашар кызын Ош шаарындагы "Жасмин" балдар бакчасында 5-апрелде аталган бакчанын кызматкери сабап, денесине залал келтиргендиги тууралуу жазып, кызматкерге карата тиешелүү жаза берүүнү суранган.
Аталган арыз Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.Факт боюнча окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүп, бала бакчанын кызматкерлери суралган.
Кыздын алган жараатын аныктоо максатында тиешелүү соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.
Бала бакчанын күнөөлөнүп жаткан кызматкери бөбөккө кол көтөрбөгөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Милициядан учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатканын айтышты.
Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду берүүгө камынган. Бирок алар өз убагында даяр болгон жок. Анысы аз келгенсип, эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду чыгарууну токтотуп коюшкан. Адистердин айтымында, эгер көбүрөөк жасатып койгондо маселе жаралмак эмес.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жарандарды тушап койгон паспорт тартыштыгы эмнеден келип чыкканын иликтеди.
Бишкек шаарынын тургуну Азиз Субанбеков үй-бүлөсү менен Америкага кетмек. Бирок февраль айынан бери убара болуп жүрөт.
"Өзүмө, жубайыма жана эки кызыма чет өлкөгө чыгуучу паспорт алайын деп Калкты тейлөө борборуна барсам "бланк түгөнүп калган, май айынын башында болот" дешти. Чет өлкөгө кетүүгө бардык маселе чечилген, бизди паспорт гана кармап турат. Эгер авиабилет сатып алган болсоң, анын негизинде берерин айтып жатышат. Бирок ага ишенбейм, жок жерден чоң суммадагы акчага күйүп калгым келбейт", — деди Субанбеков.
Ал эми Венера Таштаналиеванын паспортунун мөөнөтү бүтүп, бир айдан бери алмаштыра албай жүргөнүн айтты. Анын Түркияда туруктуу жумушу, жашаган үйү да бар эле.
"Пандемияда келип кайра кете албай калдым. Кыргызстандын жараны болуп туруп өзүмдүн паспортумду алуу ушунча оор болуп жатат", — деди Таштаналиева.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында жалпы жарандык паспорт алгандардын саны үч эсе өсүп кеткенин айтууда.
"Былтыр июль айында бизде 300 миңдей паспорт бар болчу. Негизи айына орто эсеп менен 25-30 миң даана берчүбүз. Өткөн жылы COVID көбөйгөн учурда суроо-талап 5-10 миңге түшүп кетти. Анализ кылып көрсөк быйылкы июнга чейин жетмек. Бирок кышында үч эсе жогорулап, үч айда эле 180 миң паспорт бердик. Көбү Казакстан менен Россияга чыга баштады. Анан да бул өлкөлөр эпидкырдаалдан улам жалпы жарандык паспорт менен кирүүнү талап кылган. Кийинчерээк ал чектөөнү алып, кайра ID паспортко уруксат берди", — деди Мамбеталиев.
Деген менен суроо-талап канчага өскөнүн мурунку жылдарга салыштыруу үчүн статистиканы сурасак, Мамкаттоо бере алган жок.
Мурда Таалайбек Жумадыловдун "Интел Линкс" компаниясы кыргыз жарандарынын паспортун басып чыгарчу. Ал мындай кризис биометрикалык паспортторду чыгаруу кечеңдегенден эмес, азыркы колдонуудагы паспорттордун запасы камдалбаганынан жаралганын айтат.
"Мамлекеттик каттоо кызматы алдын ала жылдык запасты сатып алышы керек эле. Алар көбүрөөк камдап коюунун ордуна өз күчүнө ашкере ишенип алышты окшойт. 1-январдан же 1-марттан тарта жаңы долбоорду ишке киргизебиз деп ойлошкон. Бул өндүрүш, күтүлбөгөн жагдайлардын жаралып калуу тобокелчилиги ар дайым болуп келген. Ошондуктан алар кол тийбестик запасын түзгөн эмес. Натыйжада ушундай кырдаалга кептелип отурушат", — деди эксперт.
Мамкаттоонун төрагасынын мындай буюртма берүү ниети жок. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып май айынын аягында жаңы үлгүдөгү паспорттор элдин колуна тиерин убадалады. Учурда тендерден уткан германиялык Mühlbauer ID Services GmbH компаниясы 1 миллион 200 миң даана бланк басып чыгарып койгон. Ага персоналдык маалыматтарды Мамкаттоо өзү киргизет. Бул үчүн 2017-жылы жабдыктар БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен алынган.
Майга чейин жасап жетишери да шек жаратат. Себеби азыркыга чейин жаңы муундагы паспорттордун сүрөттөлүшү, үлгүлөрү жана жарактуулук мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтому чыга элек. Андан соң жаңы документти Эл аралык жарандык авиация уюмуна мүчө мамлекеттер (ICAO) таанышы керек. Башкача айтканда, Тышкы иштер министрлиги аркылуу жаңы паспорттун үлгүсү чет мамлекеттерге жөнөтүлүп, алардын тийиштүү органдары кабардар болушу шарт.
Мунун айынан кимдир бирөө көздөгөн жумушуна, окуусуна бара албай, дагы бирөөнүн кыялы орундалбай калышы мүмкүн. Ошондой эле чет өлкөдө дарыланууга, операция жасатууга муктаж жарандардын өмүрү коркунучта. Мындан улам элдин убалы кимге деген суроо жаралат?
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев паспорт кризиси үчүн эч ким жоопко тартылбаганын сындады.
"Бизге бул өнөкөт болуп калды. Башка өлкөлөргө деле уят болуп бүтмөй болдук. Күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин караш керек. Буга эл күнөөлүү эмес да. Качанкыга чейин ушинтип жүрө беребиз?" — деди Карашев.
Өз кезегинде Акын Мамбеталиев мындай кырдаалга кептелгени үчүн жетекчи катары элден кечирим сурады.
Ошону менен бирге ал 14-апрелге карата 11 800дөй бланк калганын билдирди. Учурда жалпы жарандык паспорт негиздеме менен гана берилип жатат.
"Чет өлкөгө дарыланууга, ооруган кишини коштоп барчулар, окууга тапшыруучулар, ал жактагы ата-энелер балдарын өзүнө чакырууну кааласа бизге арыз жазышы керек. Комиссия карап четинен берип жатат. Ал эми эс алууга бараткандарга паспорт бере албайбыз", — деди Мамбеталиев.
Эксперт Таалайбек Жумадылов дефицит жаралган учурда кырдаалдан акча жасоого азгырылгандар сөзсүз түрдө чыгарын белгилеп, азыркыдай шартта паспорт алуу үчүн 1 500 долларга чейин берип жатканын айтты.
Демек, мындан да акча жасагандар чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт сыяктуу.
Эми тарыхка бир аз токтоло кетели. Биометрикалык жалпы жарандык паспортко өтүү жараяны 2018-жылы башталган. Кийинчерээк ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мындай дизайндагы паспорт иштеп чыгышкан.
Ал эми 2020-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы коопсуздук элементтерин күчөтүү максатында деп өз алдынча эле сырткы көрүнүшүн ушундай кылып өзгөрткөн. Бул дизайн көпчүлүккө жага бербей, шакаба кылгандар да болгон.
Мыйзам боюнча жаңы үлгүдөгү паспорт өкмөттүн токтому менен кабыл алынышы керек эле. Бирок жарандар кандай паспорт менен жүрүшү керектигин Мамкаттоонун жетекчилиги гана чечип койгон.
Март айында өкмөт башчы Улукбек Марипов биометрикалык паспорт өз мөөнөтүндө даярдалбаганы үчүн Мамкаттоонун төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш берип, аталган ишке жооптуу орун басары Тилек Батыркановду жумуштан алган. Эгер дагы үзгүлтүккө учураса катуу жаза колдонуларын эскерткен.
Ал эми мөөнөтү бүтүп бараткан жалпы жарандык паспорттун мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартуу чечими кабыл алынган. Бирок бул да элди сооротуунун бир түрү катары кабылданууда. Себеби документтин жарактуулугун узартуу үчүн паспортко штамп гана басылат. Ага кабыл алчу өлкөлөр ишенери күмөн, себеби аны жасалмалап коюу да мүмкүн.
Ал эми алты ай же бир жылга виза ачтырууну каалагандардын жаңы паспорттун келишин күтүүдөн башка айласы жок.