Уруштан каза тапкан аткаминер: милиция Бишкектен эки кишини кармады

Жазылуу
Милиция аткаминердин каза болгону боюнча кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча эки киши кармалды. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Конфликт между людьми - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте милиционер аймактык тескөөчүнү сабадыбы? ИИМдин жообу
21-октябрь күнү саат 20.00дөр чамасында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде аткаминер башка автоунааны артынан келип сүзүп алган. Милиция ал жердеги жаакташуу урушка айланып кетип, Жакыпбаев бордюрга башы менен тийип каза болуп калгандыгын кабарлаган.

Аталган окуя боюнча кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, Кылмыш кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен иш козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0