Канат-куйругун байлап... Ителгини мыйзамсыз чыгарып бараткан казак жараны кармалды

© Фото / пресс-служба ГПС КР"Чалдыбар" көзөмөл өткөрүүчү жайынан чек арачылар Кызыл китепке кирген ителгини Кыргызстандан мыйзамсыз алып чыгып бара жаткан казак жаранын кармады.
Чалдыбар көзөмөл өткөрүүчү жайынан чек арачылар Кызыл китепке кирген ителгини Кыргызстандан мыйзамсыз алып чыгып бара жаткан казак жаранын кармады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арадан өтүп бара жаткан адамдын унаасынан Кызыл китепке кирген куш табылды.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүүчү жайынан чек арачылар Кызыл китепке кирген ителгини Кыргызстандан мыйзамсыз алып чыгып бара жаткан казак жаранын кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

"Өткөрүү пунктуна Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны айдап 32 жаштагы казак жараны келген. Чек арачылар текшерүү маалында отургучтун алдына катылган кутудан ителги таап алышты. Жарандын кушту алып жүрүүгө уруксат берген докуметтери болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам КР ИИМинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0