Кант шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо  күйүүчү май төгүлүп, жолго чейин чыгып кетти

Канттагы нефть иштетүү заводунан аккан кара май жолго жетти. Сүрөттөр

222
(жаңыланган 13:03 28.10.2018)
Окуя болгон жерге жергиликтүү эл чогулуп калганы айтылууда.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кант шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо  күйүүчү май төгүлүп, жолго чейин чыгып кетти. Бул тууралуу  Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билбирип, заводдун өзүнөн тастыкташты.

  • Кант шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо  күйүүчү май төгүлүп, жолго чейин чыгып кетти
    Кант шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо күйүүчү май төгүлүп, жолго чейин чыгып кетти
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Окуя 27-октябрь күнү саат 13.20лар чамасында болгон
    Окуя 27-октябрь күнү саат 13.20лар чамасында болгон
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Жерге мешке жага турган үч кубметрдей кара май төгүлгөн
    Жерге мешке жага турган үч кубметрдей кара май төгүлгөн
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Күбөнүн айтымында, окуя болгон жер жагымсыз жыттанып жатат.
    Күбөнүн айтымында, окуя болгон жер жагымсыз жыттанып жатат.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
1 / 4
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Кант шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо күйүүчү май төгүлүп, жолго чейин чыгып кетти

Окуя 27-октябрь күнү саат 13.20лар чамасында болгон.

"Жерге мешке жага турган үч кубметрдей кара май төгүлгөн. Жумушчулар жылуулуктан улам май кеңейип идиштен ташып кетерин эске алышкан эмес окшойт. Кумга буюртма  кылып койдук, алып келээри менен май төгүлгөн жерлерге себебиз", — деп айтышты заводдон.

Күбөнүн айтымында, окуя болгон жер жагымсыз жыттанып жатат. Ошондой эле жергиликтүү тургундар чогулуп калды. Ушундай эле кырдаал 2013-жылы да түзүлгөн. Анда жерге 10 тоннадай мазут төгүлгөн.

222
Белгилер:
завод, күйүүчү-майлоочу каражат, жол, Кант
Тема боюнча
Кара-Балтадагы "Жунда" заводунда өрт чыкты. Видео