Бишкекте украиналык киши тренинг өтүп жаткан жеринен кармалды. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековФуражка милиционера в Кыргызстане
Фуражка милиционера в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украиналык Андрей Иванов Бишкекте бизнес боюнча тренинг өткөн.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте "АКШдан автоунаа алып келип кантип сатса болот" деген темада тренинг өткөн украиналык ишкер Андрей Иванов аны милиция кармап кеткенин өзүнүн Instagram баракчасынын Stories бөлүмүнө видео кылып жарыялады.

Иванов аны 27-октябрда Ленин райондук милициясы иштөө үчүн уруксат кагазы жок болгондуктан алып кеткенин билдирген.

Ал эми Бишкек шаардык милициясы Украинанын жаранын болгону протокол түзүү үчүн алып кетишкенин маалымдады.

"Чынында эле Андрей Иванов тренинг өтүп жаткан жеринен кармалып, Ленин РИИБине Кыргызстанда иштөө боюнча уруксаты болбогондуктан протокол түзүү үчүн алып келинген", — деп айтылат милициянын маалыматында.

Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги түнкү клубдардын биринде болгон мушташтан бала каза болду
Ивановго КР административдик кодексинин 390-беренеси "Чет элдин жаранынын Кыргызстандын аймагында жүрүү эрежесинин талаптарын бузуу" боюнча протокол түзүлдү. Ал Украинанын жараны болгондуктан Бишкекте мастер-класс өткөрүү үчүн мыйзамсыз компания түзгөн. Иванов бул аракетин ишке ашыруу үчүн эмгек ишмердиги үчүн уруксат алышы керек болчу.

Эми Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ал 10 миң сом өлчөмүндө айып төлөшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0