Тез жардам. Архивдик сүрөт

Алматы Бишкек жолундагы жол кырсыктан 21 киши жабыркады. Видео

446
(жаңыланган 13:24 29.10.2018)
Жол кырсыгынан улам ири жол тыгыны пайда болду.

БИШКЕК, 28-окт. —Sputnik. Алматы — Бишкек жолунун 23-чакырымында маршрутка менен автобус кагышканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Жол кырсыктын видеосу Instagram баракчасына жарыяланды.

Кырсык түштө болуп, негизинен эркек кишилер жабыркаган. Жол кырсыктын айынан Каскелең аймагына кире бериште ири жол тыгыны пайда болгон. Бир нече сааттан кийин тыгынжолго салынып, жол ачылган.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, ооруканага 21 киши кайрылган. Алты киши ооруканага жаткырылып, бир киши кайра жандандыруу бөлүмүндө.

Полициянын маалыматына ылайык, жүргүнчүлөрдүн бири да оор жаракат алган эмес. Маршруткадагы кишилер ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жогу азырынча белгисиз.

Аталган окуя боюнча Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин жол эрежесин бузуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

446
Белгилер:
микроавтобус, автобус, Казакстан
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (382)
Тема боюнча
Бишкек: кечээ жол кырсык болгон жерде бүгүн да унаалар кагышты. Видео
Бишкектеги кооптуу аймактардын биринде Fit аласалып кетти. Сүрөт
Ооруканада жаткан киши. Архив

Армения менен Азербайжандын чыры: калк арасында өлгөндөр бар

9
(жаңыланган 16:38 27.09.2020)
Маалыматка караганда, адамдар жашаган бир нече аймактарда, атургай Карабахтын борбору деп эсептелген Степанакерт шаарында дагы учкучу жок учуучу аппараттар аркылуу аткылоо болгон.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасындагы атышуулардан улам эки жаран каза таап, 50дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу республиканын акыйкатчысына шилтеме берип Sputnik Армения агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, адамдар жашаган бир нече аймактарда, атургай Тоолуу Карабахтын борбору деп эсептелген Степанакерт шаарында дагы учкучу жок учуучу аппараттар аркылуу аткылоо болгон.

“Эки киши каза таап, 50 киши жабыркады. Алардын арасында балдар жана аялдар бар. Инфраструктура талкаланды”, — деп айтылат кабарда.

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

Эске салсак, өткөн түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Эки өлкөнүн аскерлеринин Карабахтагы атышуусуна тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

9
Белгилер:
өлүм, атышуу, Чыр-чатак, Азербайжан, Армения
Тема боюнча
Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады
Россиянын Москва облусундагы жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн кулашы

Россияда көпүрө урап, 49 кыргызстандык жабыркады. Сүрөт

96
(жаңыланган 16:35 27.09.2020)
Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Маселе элчинин жеке көзөмөлүнө алынды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Россиянын Москва облусундагы "ФМ Сидорово" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, Кыргызстандын 49 жараны жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жабыркаган мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор, каза болгондор жок.

"Кырсыктан жабыркагандар Ступинский ооруканасына жеткирилген. Учурда окуя болгон жерде Россиянын ӨКМ, прокуратура, Тез жардам кызматы, тергөө комитети жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иш алып барууда. Жеринде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери КР жарандарына ар тараптан колдоо көрсөтүү үчүн жүрүшөт", — деп айтылат маалыматта.

​Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Алардын баарында тең медициналык жана башка камсыздандыруусу жок болуп чыкты. Элчилик жабыркаган кыргызстандыктарга материалдык компенсация төлөтүп берүү боюнча иштеп жатат. Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алды.

РИА Новости кабарлагандай, көпүрө инженердик коммуникацияга кулаган. 

96
Белгилер:
кырсык, көпүрө, жаран, Россия
Тема боюнча
Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам