Өрт өчүрүүчүлөр. Архивдик сүрөт

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

139
(жаңыланган 11:08 30.10.2018)
Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкектин Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан №3 көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Кырсык болгон жерге саат 16:33тө экинчи бөлүм тартылып, 17:32де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда үйдүн күйгөн аянты, өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат. Жабыркагандар жок.

139
Белгилер:
өрт, көп кабаттуу үй, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте көп кабаттуу үй өрттөнүп жатат. Видео
Бишкектен анча алыс эмес жерде автоунаа бакты сүзүп, күйүп кетти. Видео
Член политсовета СДПК Фарид Ниязов и экс-президент КР Алмазбек Атамбаев около своего дома в селе Кой-Таш, где собираются люди

Сот Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарып, Фарид Ниязовду абакта калтырды

3
Жактоочунун айтымында, сот прокурордун Сагымбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн четке каккан. Ал эми Ниязов эки айга камакта калды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Канат Сагымбаев үй камагына чыгарылганын адвокат Замир Жоошев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, сот прокурордун Сагымбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн четке каккан. Бирок Фарид Ниязовду 2021-жылдын 10-февралына чейин камакта калтыруу өтүнүчүн канааттандырганы белгилүү болду.

Эске салсак, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Ниязов менен УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча козголгон иштин алкагында кармалган.

3
Белгилер:
камак, сот, Канат Сагымбаев, Фарид Ниязов
Тема боюнча
Атамбаев ооруп калып бүгүнкү сот отуруму болбой калды
Вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева. Архивдик сүрөт

Туура эмес дарылаганбы? Сурабалдиева Жалал-Абаддагы 8 кишинин өлүмүн текшертет

84
(жаңыланган 14:35 05.12.2020)
Илдетке кабылган тогуз бейтапты жеке менчик клиникадан мамлекеттик аймактык ооруканага которушканы айтылат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда мамлекеттик аймактык ооруканага коронавирус илдети менен жаткырылган тогуз адамдын сегизинин өлүмү текшерилет. Бул тууралуу вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева Twitter баракчасына жазды. 

​Анын айтымында, бейтаптар протоколдо жазылган эреже менен дарыланган эмес.

"Коронавируска кабылган бейтаптар оорунун алгачкы стадиясында протоколду карабай эле уккан-билген антибиотик, гормоналдык дарыларды иче берет. Жалал-Абадда жеке менчик клиникадан тогуз бейтапты мамлекеттик аймактык ооруканага которушкан. Анын ичинен сегизи каза болгон. Штабда муну териштирүүгө прокуратурага тапшырма берилди. Бул чоң жаңжал", — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле оорунун алгачкы стадиясында эле антибиотиктерди бере бербей, организмге COVID-19 менен күрөшүүгө убакыт керектигин билдирди.

84
Белгилер:
Эльвира Сурабалдиева, өлүм, Жалал-Абад облусу, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген
Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчёту чийки экенин айтты