Бишкекте жөө адамды унаа коюп кетти. Окуянын видеосу

Жазылуу
Жабыркаган 24 жаштагы кыз ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкекте айдоочу жөө адамдар өтө турган чийинден кызды коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ЖКККББдан маалымдашты.

Окуя кандайча болгону видео каттагычка түшүп калган жана ал тасма социалдык тармакка жүктөлгөн. Кырсык өткөн жекшембиде, 28-октябрь күнү Фучик көчөсүндө болгон.

Кадрдан көрүнүп тургандай, жол чийинден өтүп бараткан кызды Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Жабырлануучу бутуна туруп бордюрдун жанына барып отуруп калган. Ал эми унаадан жигит менен кыз чуркап чыгып анын абалын сурап жатканын көрүүгө болот.

ЖКККББ жабырлануучу 24 жаштагы кыз экенин маалымдады. Окуядан кийин ал ооруканага жеткирилген. Айдоочу кармалып, унаасы айып короого токтотулду. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0