Иттин өлүмү боюнча сот болду! Кыргызстанда биринчи жолу кездешкен окуя

© Фото / Гуля АлмамбетоваСуд над убийство собаки в Бишкеке
Суд над убийство собаки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ит ушул жылдын июль айында жоголуп кеткен.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн биринчи жолу иттин өлүмү боюнча сот болду. Бул тууралуу доочу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, Алмамбетованын үй-бүлөсү алты жылдан бери багып келген Спайсик аттуу ити ушул жылдын июль айында жоголуп кеткен. Бул тууралуу жаныбардын ээси социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, шаардыктардан жардам сураган. Август айында итти уурдады делген адамдын изине түшүп, үйүнө барышкан. Бирок ээсине иттин "тамак жебей жатып" өлүп калганын айтышкан.

"Өзүмдүн бир гана балам болгондуктан, ага жолдош болсун деп Спайсикти багып алганбыз. Уулум менен кичине кезинен бери бирге чоңоюп, биз үчүн жөн гана ит эмес, үй-бүлөнүн кадимкидей мүчөсү болуп калган", — деди Алмамбетова.

Анын айтымында, бүгүн соттун алгачкы отуруму болуп, тараптар суракка алынды.

"Итти уурдады деп шектелип жаткан киши сотко жактоочусу менен келди. Ага иш Кылмыш кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен козголгон", — деди Алмамбетова.

Ал кийинки сот 5-ноябрь күнгө белгиленгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0