Шаардык сот Илмияновдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

© Sputnik / Табылды КадырбековСуд над Икрамжаном Илмияновым в Бишкекском городском суде
Суд над Икрамжаном Илмияновым в Бишкекском городском суде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси "Алдамчылык" боюнча айыпталууда.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Эске салсак, 20-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Илмияновду 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камакка алуу чечимин чыгарган.

Илмиянов Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча айыпталууда.

"Тилекке каршы, сот арызды канааттандырбай, Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Мен жактап жаткан адам УКМКнын убактылуу кармоо жайында 28-ноябрга чейин калтырылды", — деп билдирди Слесарев.

Церемония награждения государственными наградами за вклад в социально-экономическое развитие КР - Sputnik Кыргызстан
Илмияновго 150 миң доллар берди деген компания тууралуу эмне белгилүү
Белгилей кетсек, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча сыртынан өкүм чыгарылган. Ал эми 20-октябрда ал Россиядан кармалып, Бишкекке алып келингени маалым болгон. Ошол эле күнү райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камакта калтырган.

Ал эми УКМКнын берген маалыматы боюнча Илмиянов 30-октябрда бир кишилик камерага которулган

Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүргөндө айдоочусу, кийин ал президент болгондо 2012-жылдан 2015-жылга чейин президент аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган. Андан соң президенттин кеңешчиси болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0