Бишкекте үч автоунааны жөөлөп кеткен жолтандабастын айдоочусу изделүүдө

Жазылуу
Hyundai, Daihatsu жана Toyota үлгүсүндөгү автоунаалар жол четинде токтоп турган.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкекте милиция үч машинаны жөөлөп кеткен Lexus LX 470 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун издеп жатат. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Ага ылайык, жолтандабас Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен анча алыс эмес жерде жол четинде токтоп турган Hyundai, Daihatsu жана Toyota үлгүсүндөгү автоунааларды жөөлөп кеткен. Бактыга жараша, эч ким жаракат алган эмес. Бардык автоунаалар шаардык милициянын атайын унаа токтотуучу жайына алынып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0