Мамкаттоо кызматынын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Жазылуу
Шектелүүчү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ага КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин бир нече беренеси менен кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Мамкаттоо кызматынын Бишкек шаардык транспорт каттоо жана айдоочулук курам боюнча бөлүм башчысы коррупцияга тиешеси бар деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган мекемеде коррупциялык иштер болгонун УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы аныктаган.

"Жетекчи материалдык кызыкчылыктардын аркасынан коррупциялык схема түзүп, жарандардын унааларын каттоо жана кайра каттоодо мыйзамсыз каражат алып жүргөн. Ошондой эле айдоочулук мектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн айдоочулук күбөлүк берүү үчүн дагы пара алынып келген", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Шектелүүчү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ага КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 313 (опузалап пара талап кылуу), 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 314-беренелери (пара берүү) менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0