ӨКМ борбор калаанын Элебесов менен Нерченский көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп кеткен объект турак үй эмес, кездеме жана кийим сактоочу кампа экенин билдирди

Турак үй эмес экен. Бишкекте эмне өрттөндү

791
(жаңыланган 16:50 06.11.2018)
Тилсиз жоо менен 5 өрт өчүрүүчү унаа менен барган бригада кармашууда.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. ӨКМ борбор калаанын Элебесов менен Нерченский көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп кеткен объект турак үй эмес, кездеме жана кийим сактоочу кампа экенин билдирди. 

  • ӨКМ борбор калаанын Элебесов менен Нерченский көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп кеткен объект турак үй эмес, кездеме жана кийим сактоочу кампа экенин билдирди
    ӨКМ борбор калаанын Элебесов менен Нерченский көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп кеткен объект турак үй эмес, кездеме жана кийим сактоочу кампа экенин билдирди
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Мурдараак ӨКМ алдын ала маалымат боюнча көп кабатуу турак үй күйүп жатканын кабарлаган
    Мурдараак ӨКМ алдын ала маалымат боюнча көп кабатуу турак үй күйүп жатканын кабарлаган
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Бирок Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жергиликтүү тургундар ал жай мурда дүкөн болгонун, жакында эле анын ордуна мейманкана курулуп пайдаланууга берүү алдында турганын айтып беришкен
    Бирок Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жергиликтүү тургундар ал жай мурда дүкөн болгонун, жакында эле анын ордуна мейманкана курулуп пайдаланууга берүү алдында турганын айтып беришкен
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз
    Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз
    © Фото / пресс-служба МЧС
  • Жаракат алгандар жок.
    Жаракат алгандар жок.
    © Фото / пресс-служба МЧС
1 / 5
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
ӨКМ борбор калаанын Элебесов менен Нерченский көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп кеткен объект турак үй эмес, кездеме жана кийим сактоочу кампа экенин билдирди

Мурдараак ӨКМ алдын-ала маалымат боюнча көп кабаттуу турак үй күйүп жатканын кабарлаган.

Бирок Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жергиликтүү тургундар ал жай мурда дүкөн болгонун, жакында эле анын ордуна мейманкана курулуп пайдаланууга берүү алдында турганын айтып беришкен. 

Тилсиз жоо туурасында өрт өчүрүү кызматына саат 21.50лөр чамасында маалымат түшкөн. 

“Кырсык болгон жерге саат 21:53тө Свердлов районунан 1, саат 22:02де Ленин районунан 1, кийинчерээк дагы бирден, жалпы 5 бөлүм тартылды” — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Суу чарба башкармалыгынан 1 унаа, Чыгыш РЭТтен бир бригада чакырылган. Бишкек шаардык куткаруу кызматынан да төрт куткаруучу барып жеринде иштеп жатат. 

Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз. Жаракат алгандар жок. 

791
Белгилер:
турак үй, мейманкана, Өрт, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте кафе өрттөнүп жатат. Видео
Бишкекте көп кабаттуу турак жай өрттөнүп жатат. Жалындаган үйдүн видеосу
Пикирлер