Баткенде депутат үйүнүн жанынан ок жеди

© Sputnik / Табылды КадырбековНезаконное использования огнестрельного оружия
Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Тажикстандагы ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл округундагы Арка-2 айылында жергиликтүү кеңештин депутаты, 32 жаштагы Кубаныч Баяновду белгисиз адамдар атып кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБден маалымдашты.

Тапанча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Элчилик Москвадагы ресторанда ок чыгарган КР жарандары боюнча маалымат берди
Билдирмеге караганда, окуя 6-ноябрга караган түнү депутаттын үйүндө болгон. Кылмышкерлер ок чыгарып, из сууткан.

Жарадар болгон эл өкүлү Тажикстандагы Гафуров шаарындагы ооруканага жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесинин (өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда кылмышкерлер изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0