Токмокто жол кырсыктан бир киши каза болду. Милиция сөөктү таанууга жардам сурап жатат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүОбработка дорог противогололедными реагентами в Москве
Обработка дорог противогололедными реагентами в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй ОИИББ маркумдун белгилерин жарыялады.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек — Торугарт жолунда унаа коюп кеткен бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББден маалымдашты.

Жол кырсыгы Токмок шаарынын аймагында 5-ноябрь күнү саат 21.45тер чамасында болгон. Каза болгон кишинин тек-жайы тактала элек. Милиция маркумдун ким экенин аныктоо үчүн сүрөтүн жарыялады.

"Каза болгон киши 35-40 жаш чамасындагы европа тегиндеги киши. Бою 165-170 сантиметр, чачы күрөң түстө, дене түзүлүшү орточо. Көгүш түстөгү жинсы, ак футболка жана кара тапичке кийип жүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Маркумду тааныгандар Токмок ИИБине 0(313) 86-31-02, 0(701) 03-10-38 номурлары аркылуу же 102 кызматына кабарлап койсо болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0