Москвада поезд сүзгөн кыргыз жигит каза тапты. Миграция кызматы туугандарын издөөдө

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендештин сөөгү учурда шаардагы №67 оорукананын өлүкканасында сакталып турат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Москвада поезд алдында калып набыт болгон кыргызстандык жигиттин туугандарын КРдин Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгү издеп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган өкүлчүлүктүн кызматкери Доорбек Абдразаков билдирди.

21 жаштагы жигитти 5-ноябрда Москва шаарындагы Белорусский темир жол бекетинде поезд коюп кеткен. Анын сөөгү учурда шаардагы №67 оорукананын өлүкканасында сакталып турганы айтылды.

"Маркум Жалал-Абаддын Ала-Бука районунан болот экен. Социалдык тармакка паспортунун сүрөтүн жайгаштырып, туугандарын издеп жатабыз. Мекендешибиздин өлүмү боюнча мага полициядан кабарлашты. Эгерде ушул жигитти тааныгандар болсо, жардам беришин өтүнөбүз", — деди Абдразаков.

Москвадагы Кыргыз диаспорасынын "Кыргыз биримдиги" коомунун өкүлү, коомдук ишмер Улан Кошматов менен Sputnik Кыргызстан маек куруп, мигранттардын көйгөйү, чет жерде каза тапкан мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү түйшүгү тууралуу маектешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0