Жолдогу автоунаа. Архив

Сокулукта жеңил унаа коюп кеткен киши каза тапты

93
(жаңыланган 11:33 10.11.2018)
50 жаштардагы эркек кишини 8-ноябрь күнү Романовка айылынан койдуруп кетишкен.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Чүй облусундагы Сокулук районунун Романовка айылында Nissan Primera үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен жөө киши каза болгонун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-ноябрь күнү болжол менен саат 21.10дордо болгон. Жолдон өтүп бараткан 50 жаштардагы эркек ошол жерден көз жумган. Азыр анын тек-жайы такталып жатат. 53 жаштагы айдоочу кармалып, чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү.

Тийиштүү экспертизалар дайындалганы айтылууда.

93
Белгилер:
милиция, жол кырсыгы, Сокулук
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (330)
Пикирлер