Ош: 21 жаштагы карасуулук келиндин сөөгү Өзбекстандын каналынан табылды

© AFP / JEFF PACHOUDМоргдогу өлүк. Архив
Моргдогу өлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

ОШ, 13-ноя. – Sputnik. Кара-Суу районундагы айылдардын биринин 21 жаштагы жашоочусунун сөөгү Өзбекстандын Шаркан-Сай каналынын жээгинен табылды. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Ага караганда, келиндин дайынсыз болуп жаткандыгын милицияга энеси кабарлаган.

"Маркумдун сөөгү Өзбекстандагы Кожобад районунун Шаркан-Сай каналынын жээгинен табылган. Иликтөө учурунда анын кошуналары бир күн мурда келин кумшекер төгүп алганы үчүн кайненесинен тил укканын, ал эми күйөөсү ага кол көтөргөнүн айтып беришкен. Чыр-чатактан соң кошуналарынан жол киреге 20 сом сурап, эки баласын үйүндө калтырып, өзү кайда барарын эч кимге айтпастан кетип калган", — деп айтылат маалыматта.

Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Эркекти зордуктап... Кыргызстанда аялдар жасаган кылмыштардын рейтинги
Маркумдун жакындары сөөктү Кыргызстанга алып келип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда окуяга күбө болгондор суракка алынып, кылмышка күйөөсү менен кайненесинин тиешеси бар-жогу текшерилип жатат. Эгер алар келинди өз өмүрүнө кол салууга жеткиргендиги далилденсе, кылмыш иши козголот.

Келин менен кайненесинин ортосундагы кайым айтышуу телефонго тартылып, социалдык тармактарга да тарап кеткен. Бул факты да териштирилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0