Чычканда газ ташып бараткан унаа оодарылып, күйүп кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРНа трассе Бишкек — Ош в ущелье Чычкан перевернулся и загорелся газовоз
На трассе Бишкек — Ош в ущелье Чычкан перевернулся и загорелся газовоз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаанын айдоочусу секирип кетүүгө үлгүрүп аман калды.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 260-чакырымында (Чычкан капчыгайы) газ ташыган унаа жүрүп бара жаткан жеринен оодарылып кетип, өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, унаанын 51 жаштагы айдоочусу секирип кетүүгө үлгүрүп аман калган.

"Айдоочу майда жаракат алган, абалы туруктуу", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жүрүп бараткан унаанын дөңгөлөгү жарылып, оң тарапка ооп баратканда айдоочунун секирип кеткенин айтты.

Окуя болгон жерге саат 13.10до өрт өчүрүүчү унаа тартылып, эки сааттан кийин өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0