Баткен облусунун прокурорунун өлтүрүлүшү. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОдин день из жизни участкового
Один день из жизни участкового - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүнү кармаган учурда ал мас болгон.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун киши колдуу болгон прокурору Анарбай Мамажакыпов менен анын өлүмүнө шектелип жаткан киши окуя болор күнү чогуу жүрүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

© Фото / сайт Генпрокуратуры КРПрокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов
Прокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов - Sputnik Кыргызстан
Прокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов

"Прокурор башка катуу нерсе менен чапкандан каза болгон. Балким таш менен ургандыр. Азыр ал мас, соолукканда суракка алынат. Анын прокурор менен жүргөнүн кечээ көрүшкөн", — деп ИИМден маалымдашты.

Айрым ЖМКлардын жазышынча, шектүү Баткен мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгында иштейт. Бирок бул маалыматты ИИМдин маалымат казыматы тастыктаган жок.

Прокурордун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдо табылган.

Баткен облустук ИИББдеги ишенимдүү маалымат булагынын айтымында, Анарбай Мамажакыповду алгач сабап, андан кийин атып өлтүрүшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0