Үч-Коргон ГЭСинде авария болуп, гидроагрегат иштен чыкты

Жазылуу
Авариядан улам ГЭСтин кубаттуулугу 45 мегаваттка чейин түшүп кеткен.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 19-ноябрда, Үч-Коргон гидроэлектростанциясынын №2 гидроагрегаты иштен чыкты. Бул туурасында "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.

Мындан улам ГЭСтин кубаттуулугу 45 мегаваттка чейин түшүп кеткен.

"Бардык керектүү тетиктер запаста бар болчу. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Резерведе 250 мегаватт бар, авариянын элге залакасы тийбейт", — деп билдиришти ишканадан.

Нарын дарыясына курулган Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылы колдонууга берилген. "Электр станциялары" ишканасынын маалыматы боюнча гидроагреттарды оңдоого муктаж. Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого каражат бөлүү маселеси боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0