Учкун кичирайонундагы Ауэзов көчөсүндө фура күйүп кетти

Бишкекте фура күйүп кетти. Өрттүн видеосу

994
(жаңыланган 09:44 20.11.2018)
Өрт саат 11.20да толугу менен өчүрүлдү.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Күбөнүн айтымында, кырсык бүгүн, 19-ноябрда, "Учкун" кичирайонундагы Ауэзов көчөсүндө болгон.

ӨКМден маалымдашкандай, жүк ташуучу унаадан эртең мененки саат 9.30да өрт чыгып, бир унаа жөнөтүлгөн. Натыйжада саат 11.20да өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Ал эми борбор калаанын ЖКККББсы окуя боюнча маалыматы жок экенин айтты.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
994
Белгилер:
кырсык, өрт, фура, Бишкек
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (382)
Тема боюнча
Калифорниядагы өрттөн улам каза болгондордун саны 80ге жетти
Шерипова: кыштын келиши менен өрт чыгуу коркунучу күч алат