Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги туура бир жыл ичинде укук коргоо кызматкерлери менен аткаминерлерге байланыштуу каргашалуу окуяларды тизмектейт.
Жыл башында борбор калаанын Чыгыш-5 кичирайонунда белгисиз адам милиционерди түн ичинде жарадар кылган. Тартип сакчысы кызмат учурунда ок жеп, ооруканага түшкөн. Шектүү 10 айдан кийин гана Кара-Балта шаарында колго түшүрүлдү. Ал кармоо маалында да ок чыгарган. Айыпталуучу Ош шаарында каракчылык жасаган жана Чүй облусунда адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Жайында 25 жаштагы Нурсултан Сталбек уулу Ысык-Көлдө эс алып жүрүп сууга чөгүп каза болгон. Ал Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматында иштечү.
Баткендин Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду ноябрь айында өз үйүнүн жанынан атып кетишкен. Жергиликтүү кеңештин 32 жаштагы депутаты 10 күндөн кийин ооруканада айыга албай көз жумган.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл акимди коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.
“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Дача СУдагы кырсыкта элдин ынтымагына суктандым. Бишкектиктердин күйүмдүүлүгүн көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Мындай сезимдери менен Дастан Женгенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Куткаруучунун айтымында, элден ар кандай жардамдар кырсык болгон күнү түштөн тарта келе баштаган.
"Мен ал күнү күзөттө болчумун. Бир сааттан соң нөөмөттү тапшырабыз деп турганбыз. Аңгыча эле "Манас" аэропорту жакта учак кулады деген чакырык келип түштү. Алгач уккан кулагыма ишенген жокмун, тилекке каршы, маалымат чын болуп чыкты. Саат 8ге чамалап жетип бардык. Согушка түшкөндөй эле болдук. Урандылар менен коюу туман, түтүндүн арасынан чыккан онтологон үндөр жүрөгүбүздүн үшүн алды. Саат 14:00гө чейин тынымсыз иштеп жаттык. Негизги максатыбыз, тилегибиз да тирүү адамдарды табуу эле. Түштөн баштап элден гуманитардык жардам келе баштады. Улгайган апалар бир килограмм кумшекер, бир банка варенье, жаш балдар чогултуп жүргөн тыйындарын кутучасын жара чаап көтөрүп келип жаткандарын көргөндө көзүмө жаш алдым. Шаардыктардын мындай боорукерлигин, ынтымагын ошондо алгач ирет көргөм", — деди Женгенбеков.
Ал куткаруучулук кызмат өзүмчүл болбоого тарбиялай тургандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.
Sputnik агенттиги Дача СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Африка өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен Гвинея президенти Альфа Конде коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасын алгандыгын "Известия" кабарлады.
"Мамлекет башчы менен кошо өкмөттүн мүчөлөрү да "Спутник V" вакцинасын алды", — деп жазган басылма.
Гвинеянын мамлекеттик телеканалы өткөн аптада Альфа Конде өзүнүн борбордук сарайында COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын сайдырып жатканы боюнча репортаж жасаган.
Сюжетте мамлекеттин башчысы коронавируска каршы күрөштө жарандарга үлгү болгон кадам жасаганы айтылган. Портал эмдөө сынамык вакцинациялоонун экинчи этабынын алкагында болгонун кабарлаган.Гвинея Африка өлкөлөрүнүн ичинен "Спутник V" вакцинасын колдоно баштагандардын бири болду. 30-декабрда аталган өлкөнүн жогорку кызматта турган жетекчилеринин тобу россиялык вакцинаны сайдырышкан.
Россия лиреди Владимир Путин 11-августта Россия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирусту алдын алуучу дарыны иштеп чыгып каттоого алганын жар салган. Вакцина "Спутник V" деп аталган. Бул вакцина Россия, Беларусь, Сербия, Аргентина жана Боливия мамлекеттеринде жактырылган. Учурда аны өз жарандары үчүн алууга ынтызар болгон мамлекеттердин саны арбып бара жатат.