Токтогулда бус токтоп турган фураны сүзүп, бир аял каза болду

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кесепетинен дагы эки киши жаракат алган.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда фура менен микроавтобус катышкан жол кырсыгы болуп, бир аял көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсыктаган автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ичип алып унаа айдабагыла! Ысык-Көлдө кырсыкка кабылган "Жигулинин" видеосу
Кырсык шейшембинин түнүндө саат 03.33тө Токтогул районунда катталды.

Маалыматка караганда, жүк ташып бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter унаасы токтоп турган Renault автокөлүгүн артынан сүзгөн.

Көз жумган аял 36 жашта экени аныкталды. Андан тышкары, 25 жаштагы жигит жана 27 жаштагы кыз жаракат алышты.

Жеринде ӨКМ куткаруучулары иштеп, жабыркагандарга жардам көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0