Колуна кишен салынган киши. Архив

Баткенде атылган прокурордун өлүмүнө шектелген аткаминер камалды

617
(жаңыланган 14:51 21.11.2018)
Шектүү эки ай бою Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайында болот.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Баткенде ок жеп каза болгон облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелген адам эки айга камалды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Аскар Баймуратов кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кылмышка шектелген Капиталдык курулуш башкармалыгынын Баткен облусу боюнча жетекчиси М.К. эки ай бою Ош шаарындагы тергөө абагында болот.

"Иш 19-ноябрь күнү Кадамжай райондук сотунда каралып, чечим чыкты. Козголгон кылмыш ишинин негизинде айыпталып жаткан Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги эки айга камакка калтырылды", — деди Баймуратов.

Эске сала кетсек, прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигин кармаган. Каргашалуу окуяга чейин анын прокурор менен чогуу жүргөнүн көргөндөр болгон. Ошол эле күнү аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон.

617
Белгилер:
прокурор, адам өлтүрүү, Анарбай Мамажакыпов, Баткен облусу
Тема:
Прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмү (17)
Тема боюнча
Киши колдуу болгон депутат, ок жеген прокурор. Жыл ичиндеги чуулуу өлүмдөр
Прокурордун өлүмү: облустук прокуратуранын жетекчилиги иштен алынды