Нарында жоголгон өспүрүмдүн сөөгү дарыянын жээгинен табылды

Жазылуу
Туугандарынын айтымында, өспүрүм каза болгонго чейин классташтары менен чырдаша кеткен.

БИШКЕК, 22-ноя. – Sputnik. Нарын облусунда жоголуп кеткен 15 жаштагы Азирет Саадак уулунун сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине туугандары билдирди. 

Маркумдун сөөгү кечээ, 21-ноябрда, Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Өспүрүм үйүнөн 16-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ал Ак-Талаа районуна караштуу Пионер айылында жашачу. 

Баланын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз. Бирок туугандарынын айтымында, буга чейин классташы менен чырдашып жүргөн. 

“Мектепте жүргөндө классташы менен айтыша кеткен. Бизге жеткен маалымат боюнча Азиреттин классташы атасына тийишип сүйлөгөндө класстагылар күлүп жиберген. Азиретке бул нерсе катуу тийип, классташы менен мушташа кетип мугалимдерден тил уккан. Мектеп директору күнөө анын ата-энесинде экенин айтууда. Бирок мугалимдер балдардын ортосундагы пикир келишпестикти байкашы керек эле да”, — деп туугандары билдиришти. 

Учурда Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0