Бурулайдын өлүмү: криминалист сотто берген көрсөтмөлөрүндө жаңылууда

© Sputnik / Нурис АлымбаевЗаседание по делу об убийстве Бурулай Турдали кызы в Бишкеке
Заседание по делу об убийстве Бурулай Турдали кызы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот отурумунда криминалистке Бурулай өлтүрүлгөн бычак тууралуу суроо берилди.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча сот отурумунда эксперт-криминалист Эрмек Саманчиев көрсөтмөлөрүндө жаңылып жатат.

Ал жарандарды кабыл алуучу бөлмөдөн кандын тагын жана бычак көргөн, бирок бычактан колдун тактарын албаганын айтты. Буга чейин Жайыл РИИБдин кызматкери сотто көрсөтмө берип, эшикти сындырып кирип, жарадар болгон Бурулайды ооруканага алып кетишкенин жана бычакты кагазга ороп нөөмөт бөлүмүнө таштап кеткенин билдирген.

"Бычак бөлмөдө жатыптыр, анда кандын тактары бар болчу", — деди Саманчиев.

На скамье подсудимых — обвиняемый в убийстве девушки Марс Бодошев и Ахмат Сейитов, проходящий по уголовному делу как соучастник похищения. - Sputnik Кыргызстан
Соттолуучунун агасы: Бурулай биринчи жолкусунда баш кошууга каршы болгон эмес
Айыпталуучулардын жактоочусу эгер бычакты кагазга ороп нөөмөт бөлүмүнө ташташса, бычак бөлмөдө кантип пайда болуп калганын сурады. Ага эксперт-криминалист так жооп бере алган жок. Адвокат ошондой эле эксперт-криминалист Саманчиев бычактагы манжа издерин албай, өзүнүн түз милдетин так аткарган эмес деп айыптады.

Эске салсак, 2018-жылы 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0