Бишкектеги жол кырсыктан машина экиге бөлүнүп, кишилер каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековТез жардам кызматы жана милиция кызматкерлери. Архив
Тез жардам кызматы жана милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыктан айдоочу менен жүргүнчү каза болду.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. 24-ноябрга караган түнү Бишкекте жол кырсыгы болуп, эки кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн түндө саат 3:40тар чамасында "Мадина" базарынын жанында 7-апрель көчөсүндө катталган.

"Айдоочу рулду башкара албай, машина жолдон чыгып түркүккө барып урунган. Автоунаа экиге бөлүнүп кеткен. Айдоочу менен жүргүнчү кырсык болгон жерден каза болгон. Дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди", — деп милициядан кабарлашты.

Каза болгон айдоочу 26 жашта, жүргүнчү 22 жашта болгон. Учурда ЖКККБнын кызматкерлери тергөө жүргүзүп жол кырсыктын себебин тактап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0