Бүгүн таңга маал Ошто жер титиреди

Жазылуу
Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. 26-ноябрь күнү саат 5.18де Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жердин силкинүүсү Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 балл, Эркеч-Там, Нура айылдарында 4 жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0