Тоңдо чөнтөгүндөгү телефон жарылып, 14 жаштагы бала күйүп калды

© AFP / Chandan KhannaМобильная связь в Индии
Мобильная связь в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондук оорукананын директорунун айтымында, бейтаптын абалы азыр оор жана керектүү дарылоону алып жатат.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Тоң райондук аймактык ооруканасына 24-ноябрда саат 23:45тер чамасында төшү, ичи, алаасы күйгөн 14 жаштагы өспүрүм келип түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, баланын шымынын чөнтөгүндөгү телефон жарылып кеткен. Маалыматта анын 1-2-даражадагы (30 пайыз) күйүк алганы айтылат.

Тоң райондук ооруканасынын директорунун айтымында, бейтаптан абалы азыр оор, керектүү дарылоону алып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0