БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кара-Суу районунда 22-ноябрга караган түнү массалык мушташка катышкан 31 окуучу кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.
Маалым болгондой, милицияга 21-ноябрда саат 23:30дар чамасында өспүрүмдөр мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, мушташка катышкан 15-16 жаштагы 31 баланы кармаган.
"Мушташ учурунда Жоош айыл аймагынын 15 жаштагы тургунунун денесинин бир нече жери учтуу нерсе менен чийилип тилинген. Ал Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Жаракаты өмүрүнө коркунуч жаратпагандыктан абалы жакшы деп бааланууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Ээн баш балдар Жоош жана Сарай айылдарынын мектептеринин 10-11-класстарынын окуучулары экени аныкталып, ата-энелерине эскертүү берилди. Тергөө иштери башталып, мектеп кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө иштери уланууда.
Окуучулардын ата-энелеринен милицияга арыз түшө элек.