ШИИБ: Honda Fit унаасынан кызды ыйлатып түшүрбөй жаткан таксист кармалды

© AFP / Marvin RECINOSСуд над бывшим президентом Сальвадора Элиаса Антонио Саки
Суд над бывшим президентом Сальвадора Элиаса Антонио Саки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакка жарыяланган видеодон кызды кое бербей жаткан айдоочуну көрүүгө болот.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы социалдык тармакта жүргүнчү кызды унаасынан түшүрбөй кармаган таксист тууралуу билдирүү таратып, айдоочу кармалганын маалымдады.

Случаи насилия над женщинами - Sputnik Кыргызстан
Көл: 78 жаштагы кемпирди зордуктайм деген киши анын уулунан таяк жеп каза болду
Instagram тармагына жарыяланган видеонун алдында окуя 26-ноябрда болгону айтылат. Honda Fit унаасынан чыккан ызы-чуудан улам жанынан өтүп бараткандар машинага жакын келишкен. Андан кызга күч колдонуп автосунан түшүрбөй жаткан таксистти көрүшкөн. Жардамга келген кишилерди көрүп, жүргүнчү кыз унаадан түшүп чуркап кеткендиктен окуянын чоо-жайын билүүгө мүмкүн болгон эмес. Ал эми айдоочу машинасынан чыкпай койгон.

Милиция тараткан билдирүүдө аталган айдоочу 27-ноябрь күнү кармалганы айтылат.

"Таксист Б.Ч. аттуу 49 жаштагы киши экени белгилүү болду. Кийинки териштирүү үчүн ал Октябрь районунун тергөө кызматына өткөрүлдү", — дешти ШИИБден.

Иликтөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0