Кызды унаасынан түшүрбөй кыйкырткан таксист тергөө абагына киргизилди

© Sputnik / Алексей Вовк / Медиабанкка өтүүКолуна кишен салынган адам. Архив
Колуна кишен салынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын айтымында, 24-ноябрда аны кичирайондордун биринде зордуктоого аракет кылышкан.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалган таксист Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Суд над бывшим президентом Сальвадора Элиаса Антонио Саки - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: Honda Fit унаасынан кызды ыйлатып түшүрбөй жаткан таксист кармалды
Эскерте кетсек, 27-ноябрда Instagram тармагына Honda Fit унаасынан кызды түшүрбөй ыйлатып жаткан таксист тууралуу видео жарыяланган. Жардамга келген кишилерди көрүп, жүргүнчү кыз унаадан түшүп чуркап кеткендиктен окуянын чоо-жайын билүүгө мүмкүн болгон эмес.

Кийин Бишкек шаардык милициясы 49 жаштагы айдоочуну кармаган. Окуя 24-ноябрь күнү түнкү саат 1.30дар чамасында шаардын түштүк тарабындагы кичирайондордун биринде болгон.

Аталган факты боюнча "Зордуктоого аракет жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0