Эски премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөт

Сапар Исаков 5-январга чейин камакта калтырылды

141
(жаңыланган 11:24 01.12.2018)
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранып кайрылган болчу.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду 5-январга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранып кайрылган болчу.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сапар Исаков Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын- ала белгиленген иш-аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

141
Белгилер:
сот, коррупция, ТЭЦ, Сапар Исаков, Бишкек
Тема:
Сапар Исаковдун камалышы (22)
Тема боюнча
Экс-президент: Сапар Исаковдун камалышы — Раим Матраимов үчүн өч алуу
Пикирлер